@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз. Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755 Орусча канал: @azattykrus
О канале «Азаттык» радиосу
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз. Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755 Орусча канал: @azattykrus
AI-обзор
Обновлено 18.07.2026Канал "«Азаттык» радиосу" публикует новости и информацию о событиях в Кыргызстане на русском языке. Содержание канала включает актуальные статьи, интервью и комментарии по политике, экономике, культуре и другим важным темам страны.
Описание сформировано MaxBook AI на основе последних публикаций канала.
Основные метрики
Вовлечённость
Здоровье аудитории
Часовая активность
МСККогда канал публикует — распределение постов по часам суток.
Последние публикации канала ««Азаттык» радиосу»
- 50 просмотров, 20 июл. 2026 г.
"100 млн рублга чейин жоготтук". Wildberries кампасындагы өрттө зыян тарткан кыргызстандык ишкерлер Орусиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан кампаларына дрон соккулары болгон Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып миңдеген кыргыз ишкерлери тиричилик кылат. Азырынча чабуулдан кийинки өрттөн келтириген чыгымдар тактала элек. Кыргызстандык 700дөн ашуун киши Телеграмда атайын топ ачып, юристтер менен иштешип жатканы маалым болду. Бул тайпадагылардын басымдуу бөлүгү товарлары Электросталдагы кампада болгонун билдирип жатышат. Буга чейин Электросталдагы Wildberries…
Открыть пост в MAX - 118 просмотров, 1 реакций, 20 июл. 2026 г.
Мунай ташуучулар: Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү май ташуу дээрлик токтоду Орусияда бир нече мунай иштетүүчү завод дрондордун чабуулуна кабылгандан кийин Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатуу сунушун бербей калышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдигинин президенти Канатбек Эшатов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. “Бүгүнкү күндө кырдаал өтө татаал. Дүйнө жүзүндө мунай заттын баасы тынбай өсүп жатат. Биз импорт кылган Орусиянын өзүндө тартыштык болуп жатат, көпчүлүк аймактарында чектөөлөр киргизилди. Орусия Федерациясында жалпы 81 субъект болсо, ошонун 60ында бир…
Открыть пост в MAX - 119 просмотров, 1 реакций, 20 июл. 2026 г.
* Подмосковьеде мунай базасы, Wildberries кампасы жана турак жайга дрон чабуулу болду * 20-июлга караган түнү Украина Москва облусуна дрондор менен чабуул койду. Аймактын губернатору Андрей Воробьёв билдиргендей, Одинцоводо жеңил автоунаа жана жеке турак жайга зыян келтирилген. Подольскиде жарандык инфраструктуранын бир нече объектиси жана Малое Толбино айылында жер там зыян тарткан. Домодедоводо жер үйдө чыккан өрттөн бир адам жаракат алып, дагы бир адам М-4 автожолунда жабыркаган. ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, дрондордун бири көп кабаттуу турак үйгө тийген. Журналисттер ал…
Открыть пост в MAX - 154 просмотров, 1 реакций, 20 июл. 2026 г.
Орунбеков кытайлар жөнүндө маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары таратып жатканын айтты Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында жазды. “Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, “кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”, “тышкы карыз көбөйүп…
Открыть пост в MAX - 255 просмотров, 20 июл. 2026 г.
Футбол: Испания дүйнө чемпиону болду Испания курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңди. Буга чейин испандар 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатын утушкан эле. Финалга чейин испандар бир да оюнда утулган жок. Жарым финалда мелдештеги эң күчтүү саналган Францияны жеңген. Аргентина бул чемпионатта атаандаштарына жалпы 19 гол киргизип, эң көп гол тепкен курама команда аталды. Бирок финалда Лионель Мессинин жолу болбоду. Натыйжада турнирдин эң мыкты бомбардири деп Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе (10 гол) табылды. Мбаппе үчүнчү орун…
Открыть пост в MAX - 246 просмотров, 20 июл. 2026 г.
Кыргызстанда 5 баллдык жер титирөө катталды 20-июль, түнкү саат 2:40та Кыргызстандын Нарын облусунда 5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады. Жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынан 30 алыстыкта, Оттук айылына жакын жерде болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. https://www.azattyk.org/a/33807284.html
Открыть пост в MAX - 392 просмотров, 1 реакций, 19 июл. 2026 г.
Wildberries кампасындагы өрт: Бир нече кыргызстандык документке байланыштуу элчиликке кайрылды Орусиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирип, кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, учурда кампадагы өрт учурунда жабыркагандардын арасынан кыргызстандыктарды тактоо иштери уланууда. “Элчилик тактоо иштерин улантып жатат. Элчиликке, документтери күйүп кеткен айрым жарандар кайрылышты”.…
Открыть пост в MAX - 464 просмотров, 18 июл. 2026 г.
Чүй облусунда жана Бишкекте күндүз 41 ... 43 градус ысык болот! 🌡️ 🔥 Метеорологиялык кызматтын маалыматында, Бишкекте июль айында абанын температурасы 41 градуска чейин жогорулаган учур 2017, 2019, 2021-жылдары катталган. ☀️ 2022, 2023 жана 2024-жылдары 40 градуска жеткен. 📉 Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөө 1960-жылдан тарта өлкөдөгү орточо жылдык температура 1,2°C көтөрүлгөнүн көрсөткөн. 🌍 📊 https://www.azattyk.org/a/33806382.html 🔗
Открыть пост в MAX - 456 просмотров, 1 реакций, 18 июл. 2026 г.
Орусияда дрон тийген Wildberries'тин кампасында кыргыз жарандары бар-жогу такталууда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Wildberries маркетплейсинин кампаларына жасалган чабуулдан каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун такташ үчүн Москва облусундагы Электросталь шаарына барды. Бул тууралуу 18-июлда элчиликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. Алдын ала маалыматта Электросталдын өзүндө көп кыргыз жарандары иштейт. Учурда өрт чыккан жер курчоого алынып, кампада документи калып кеткен адамдар да кире албай турушат.…
Открыть пост в MAX - 446 просмотров, 18 июл. 2026 г.
Май куючу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 109.9 сомдон сатылууда Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин бир күн ичинде кескин кымбаттады. Социалдык тармакка айрым колдонуучулар жарыялаган сүрөттөрдөн май куючу жайларда бензиндин литри 109,9 сомдон сатылып жатканын көрүүгө болот. Баа күн мурда 98 сом болчу. Энергетика министрлиги баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маалымат бере элек. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 8-июлда күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол койгон. Ага…
Открыть пост в MAX - 449 просмотров, 2 реакций, 17 июл. 2026 г.
Жапаров чет элдик инвесторлорго жерди 49–50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилейт. Бирок инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албайт, белгилүү мөөнөткө гана пайдаланат. https://www.azattyk.org/a/33805939.html
Открыть пост в MAX - 439 просмотров, 17 июл. 2026 г.
Ташовдун сегиз жылга кесилиши, Ташиевдин талкууга түшкөн билдирүүсү | ЖАҢЫЛЫКТАР | 17.07.2026 • Адаттын тыш аптаптан улам Америка, Европа, Азияда токойлор өрттөнүп жатат. Коңшу Казакстанда да токойдо өрт чыгып, 220 киши эвакуацияланды. • Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовду 8 жылга кести. Эки жарым жылдай камакта жаткан ишкер кыйноого кабылганын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган. • Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адам өмүр бою абакка кесилди. 47 жаштагы мугалим Жибек Урустемованы былтыр Бишкектеги батиринде күйөөсү тапанча менен атып салган.…
Открыть пост в MAX - 414 просмотров, 2 реакций, 17 июл. 2026 г.
Бишкекте бир катар жерлерде жарык жапырт өчтү Бишкек шаарындагы бир катар жерлерде электр энергиясын берүү жапырт үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар тургундары кабарлашты. Башка басылмалар жазгандай, саат 14:00дөн кийин электр энергиясы бир нече жолу үзгүлтүккө учурап, кийин такыр өчүп калды. Маалыматтар шаардын ар кайсы райондорунан келип жатат. Энергетика министрлиги бул боюнча бир аздан соң расмий маалымат берилерин билдирди. https://www.azattyk.org/a/33805651.html
Открыть пост в MAX - 416 просмотров, 17 июл. 2026 г.
Бишкек шаардык соту Имамидин Ташовдун жазасын 9 жылдан 8 жылга түшүрдү Бишкек шаардык соту 17-июлда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин карап, айыпталуучу акыркы сөзүн айткан соң өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" отурумга катышкан кабарчысы билдирди. Сот Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөөсү – “Массалык баш аламандыктарга чакырык”, “Бийликти күч менен басып алуу” боюнча күнөөлүү деп калтырып, дагы бирөө – “Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча актады. Натыйжада биринчи инстанция берген 9 жылдык жаза 1 жылга азайып,…
Открыть пост в MAX - 453 просмотров, 1 реакций, 16 июл. 2026 г.
Камчыбек Ташиев: "Шайлоого катышпайм, Садыр Жапаровду колдойм" | ЖАҢЫЛЫКТАР | 16.07.2026 • Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдорун жарыялады. Ташиев баш болгон сегиз киши бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылып, бирок пробация жазасы менен эркиндикте калган. • Шаардык сот ишкер Имамидин Ташовдун ишин карап жатат. Аны райондук сот былтыр үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. • Украинада өкмөт отставкага кетип, жаңы премьер-министр бекиди. Киевде коргоо министрин алмаштырууга каршы нааразылык…
Открыть пост в MAX
Качество и доверие
Эвристические сигналы качества по публичным метрикам (охват, реакции, динамика подписчиков). Это не доказанный фрод и не приговор — лишь поводы присмотреться к каналу.
Реклама и монетизация
Средние показатели последних публикаций. Тип определён по тексту поста — оценочно.
Цитирование
Сколько раз канал упомянут и репостнут в постах других каналов.
Публикации
Дополнительно
Из 44 пойманных постов в диапазоне ID сообщений отсутствует 4. Пропуски — это удалённые посты ИЛИ медиа-альбомы и служебные сообщения (один альбом = несколько ID). Точную причину по одним ID определить нельзя.